• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Самсак Станалиевдин Ч.Айтматов жөнүндө үчилтиги жарык көрдү

Маданият 0

Бишкек, 29.03.18 /Кабар/. Жазуучу Самсак Станалиев “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” аттуу белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов жөнүндө үчилтиги жарык көрдү. Бул тууралуу КР УИА басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эртең, 30-мартта Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” аттуу тарыхый-биографиялык роман үчилтигинин бет ачары өтөт.

Белгиленгендей, автор бул эмгегинин үстүндө 3 жыл иштеген.

КР Жогорку Кеңешинин депутаты Рыскелди Момбеков китепке жазган “Чыңгыз Айтматовдун үчүнчү өмүрү” аталышындагы баш сөзүндө: “Акжарыктын айыкпаган сыныгын” окуганда андагы сюжеттик катмарлардын көптүгүнө жана анын татаалдыгына, анда Ч.Айтматовдун өзү эле эмес, Ч.Айтматовдун чыгармалары менен анын реалдуу турмушунан алынган адабий каармандарынын бар экенине таӊдануу менен карайсыӊ. Ошондой эле дүйнө жүзүнө таанымал болгон, ХХ кылымдын теӊдешсиз залкарларынын тагдырына, турмушуна, айрыкча анын эл арасында легенда болуп айтылган махабатына ар тараптан түшүнүү аркылуу мамиле жасап, аларга болгон ызаат-урматыӊ артат. Мындай сапат Мухтар Ауэзов, Бүбүсара Бейшеналиева жөнүндөгү аянычтуу, жүрөгүӊдү канаткан, чыдап окууга мүмкүн болбогон баяндарга түздөн-түз таандык”, – деп жазган.

Ал эми академик А.Акматалиев “Ак жарык жазуучулук тагдырдын ак жолу...” деген баш сөзүндө чыгарма жөнүндө: “Романда жалгыз эле Айтматовдун образы түзүлбөстөн, кыргыздын белгилүү жазуучулары А.Токомбаевдин, Т.Сыдыкбековдун, У.Абдукаимовдордун ишенимдүү, далилдүү факты-материалдардын негизинде түзүлгөн реалдуу образдарын көрүүгө болот. Ошону менен бирге жазуучунун көркөм, публицистикалык тексттериндеги айрым бир сүрөттөөлөрдү, сүйлөмдөрдү С.Станалиев өзүнүн романында эч билинтпей, ширелиштирип ыктуу пайдаланат. Булар албетте, С.Станалиевдин ийгилиги. С.Станалиев тарыхый документтер, материалдар менен тыкыр иштейт, ар бир деталына чейин иликтеп, анан жазат, жазганда да майдалап, жөн гана берип койбостон, өтө көркөмдөп жазат”, – деп жазган.

Белгилей кетсек, үчилтик “Буюккан күндөр”, “Тамчы жаш”, “Жомоктун кайтып келиши” деген бөлүктөргө бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий