• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Самыйбек Кыдырмышев: "Апрель революциясы максатына жетүү жолунда"

Аналитика 0

Апрель революциясынын баатыры Самыйбек Кыдырмышев апрель революциясы максатына жеткендигин айтып берди...

Ок тийгендиги тууралуу...

7-апрелде мен Ала-Тоо аянтына чыктым, анткени качкын президент К.Бакиевдин кландык режимине макул эмес болчумун. Анда элде курал жок эле, ага карабастан митингчилерди аткылай баштады. Биз андайды күткөн эмеспиз, эл шайлаган президент элге карата ок атат деп эч ким ойлогон эмес. Өлгөндөр, жаракат алгандар абдан көп болду. Биз жаракат алган адамды коопсуз жерге алып жөнөгөндө мен сол бутуман жарадар болдум. Ошондон бери 2-топтогу майыпмын. Бирок мен ошондо аянтка чыкканыма өкүнбөйм...

Эркиндик тууралуу...

Андан бери 7 жыл өттү. Бул аралыкта биз ошондо аянтка бекерге чыкпаганыбызга ынандык. Ошондой эле, экономикалык жактан дагы өнүгүүнү көрүүгө болот. Жолдор, ишканалар, мектептер жана ооруканалар курулуп жатат. Ар бир адам өзүн эркин жана революцияга чейинки мезгилге салыштырмалуу коопсуз сезет. Эстей турган болсок, Бакиев башкарып турган учурда эч кандай эркиндик жана сөз эркиндиги болгон эмес. Ошол мезгилдеги президент менен макул болбогон Медет Садыркуловдон баштап журналисттер, саясатчылар коомдук ишмерлер өлтүрүлгөн. Бардык ишкерлерди “барымтага” алып, эгер аларга акча төлөөдөн баш тартышса, өлтүрүп коебуз деп коркутуп турушкан. Мунун бары ошол учурда болгон.

7-апрелдеги күрөштүн максаты...

Азыр бары өзгөрдү. Эл ишенимдүү, тынч жана эң башкысы эркин болуп калды. Ар бир адам мамлекетке үмүт кылып отуруп албастан, өз алдынча иштеп, акча табууга аракет кылууда. Мыйзамга баш ийген ишкерлердин иштөөсү үчүн жана аларды тынымсыз текшерүүдөн коргогон мыйзамдар кабыл алынды. Мамлекет билим берүү тармагын өнүктүрүүгө ири каражат жумшап жатат. Ал эми билим алуу – ийгиликке карай жол эмеспи. Албетте, апрель революциясы өз максатына жетти деп так айтуу эрте, бирок жакшы пайдубал, алдыга жылуу бар, ал биз 7 жыл мурда эмне үчүн күрөшкөнүбүзгө алып келет.

Мародерлук тууралуу...

Бул жакта кимдир-бирөө эрдиктин, өлкө үчүн жанын аябай, күрөшүп жатканда ары жакта кимдир-бирөө чөнтөгүн толтуруп жатканы өкүнүчтүү. Президент Алмазбек Атамбаевдин коркпостон мародерлордун чыныгы жүзүн көрсөткөнү элди кубандырды. Анткени, көпчүлүк эл бийликте отурган белгилүү мародерлор жазасыз калышабы деп ойлошкон. Өмүрбек Текебаев жана алар менен бирге уурдап, элдин кайгысынан пайда тапкандардын кармалышы мыйзам барына бирдей экенинин көрсөттү. Эгер бул иш улантылса, апрель революциясы максатына жетет.

Бийликти туруксуздандыруу аракеттери тууралуу...

Роза Отунбаева башында турган убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү революциядан кийин чыныгы күрөшкөндөрдүн жана жаракат алып, майып болгондордун ал-абалын сурашкан жок. Роза Исаковна бир гана жолу ооруканага барып, алардын абалын сураган. Ал эми чындыгында ал биздин аркабыздан бийликке келген. Кызматтан кеткенден кийин эч кимдин ал-жайын сураган жок. Азыр алар оппозицияга өтүп, Президентке каршы чыгып жатышат. Алар кандай болгон күндө да өлкөдөгү кырдаалды туруксуздандырып, алдыдагы шайлоого тоскоолдук кылууну каалашууда жана күнөөлүүлөр жооп бериши керек деп айтып жаткан А.Атамбаевдин саясаты менен макул эмес. Бул жерде ал адамдардын мурдагы бийлик менен кандайдыр бир байланыштары бар экени түшүнүктүү. Ал эми карап көрсөк, А.Атамбаев өлкөдөгү туруктуулукту сактап калуу үчүн барын жасаган, өлкөнү өнүгүүгө алып келди.

Ак ниеттүүлүк тууралуу...

Азыр коомдо сөз эркиндиги абдан активдүү талкууланууда. Эң таң калычтуусу өлкөдө сөз эркиндиги ушунчалык көп, керек болсо аны кыянаттык менен пайдалана башташты. Мына ошол эле Текебаев сөз эркиндигине кысым көрсөтүлүп жатат деп айтты, ал эми өзү КР Президенти тууралуу жалган маалыматтарды таркатты. Анын үйү, банктагы эсеби, байланыштары жана кыйраган учактагы жүк Атамбаевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү деген сыяктуу. Мунун бары кийин ырасталган жок, бирок айрымдары ага ишенип алышты. Депутат Президенттин ар намысына шек келтирип эле тим болбостон, коомчулукту туңгуюкка кептеди. Ал сөз эркиндигине жамынып алып, өзүнүн туура эмес иштерин кылып жаткан жалгыз адам эмес. Эгер бул Бакиевдин убагында болгондо депутат үчүн таптакыр башкача жыйынтык болмок деп белгилеп кетким келет.

Митингдер тууралуу...

Азыр адамдарды митингге чыгууга үндөп жаткан саясатчылар анын кесепеттери тууралуу таптакыр ойлонушпайт. Апрель революциясы учурунда адамдардын кантип өлүп жатканын көргөн адам катары биз азыр жакшы жашап жатабыз деп айткым келет. Бизге туруктуулук гана керек. Митингге чыккандын ордуна адамдар жазгы талаа иштери, ал эми жаштар билим алуу менен алектениши керек. Анын үстүнө азыр митингге акча табыш үчүн барып жатышканы түшүнүктүү эле болуп жатпайбы. Бул туура эмес. Идеялар үчүн күрөшүү керек. 1-2 миң сомго алданбай, мекенчил болуу зарыл. Жаштар алар үчүн чындыгында эле эмне маанилүү экенин түшүнүп, келечек тууралуу ойлонуп, өзүнүн келечегин курушу керек.

Маектешкен Салтанат Абдраева

Пикир

Оставить комментарий