• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Сан-Таш” корук музейинин мыкты долбоорун түзүүгө ачык сынак жарыяланды. Талаптар

Коом 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы “Сан-Таш” мамлекеттик тарыхый-маданий корук музейинин мыкты долбоорун түзүүгө ачык сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сынак 2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча министрлер кабинетинин иш-чаралар планына ылайык өткөрүлөт.

Ачык сынак бир этапта болот.

Сынактын максаты — Ысык-Көл облусунун Түп районундагы “Сан-Таш” тарыхый-маданий жана мемориалдык комплексинин долбоорун иштеп чыгуу аркылуу тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын, корголушун жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыздоо боюнча оригиналдуу идеяларды издөө болуп саналат.

Ошондой эле конкурстук долбоордун максаты – конкурстук сынактын шарттарында “Сан-Таш” музейинин долбоорун андан ары өнүктүрүү үчүн прогрессивдүү шаар куруу, архитектуралык-пландоо, көлөмдүк жана мейкиндик боюнча сунуштарды алууга багытталат.

Сунушталып жаткан “Сан-Таш” тарыхый-маданий мурас объекттер курчап турган чөйрөнү, тарыхый-маданий мурастар объекттерди сактоону камсыз кылуу менен адамдарга жана социалдык, экономикалык өнүгүүгө таасирин тийгизиши керек.

Сынактын жалпы фонду 50 миң сомду түзөт.

Сынактын милдети:

- тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону, натыйжалуу пайдаланууну жана туризмди өнүктүрүүнү камсыз кылууга;
- сынактын талаптарына жана шарттарына эң туура жооп берген мыкты чечимдерди тандоо, андан ары долбоорлоо үчүн сынактын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин аныктоо;
- тарыхый болгон жердин аймагын өнүктүрүү үчүн шаар куруу, архитектуралык пландоо, көлөмдүү жана мейкиндик чечимдери боюнча жаңы концептуалдык сунуштарды алуу;
- тарыхый жана шаардык контекстке өтө кылдат мамиле кылуу менен мейкиндикти уюштурууга ар кандай ыкмаларды жана альтернативалуу көз караштарды кароо;
- экономикалык максаттуулугу менен архитектуралык-көркөмдүк алгылыктуулугунун максималдуу айкалышынын чечимдерин тандоо.

Объектинин функционалдуу багыты тарыхый жана маданий кызыктыруучу жерлерди жана маданий ар түрдүүлүктү пайдаланган “Сан-Таш” тарыхый-маданий мурас объекттер менен байланышы болушу керек.

Долбоорду түзүү үчүн сынакка кесипкөй жана көз карандысыз скульпторлор, дизайнерлер, сүрөтчүлөр, архитекторлор, тарыхчылар, археологдор жана искусство таануучулардын катышуусуна уруксат берилет. Сынакка орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери катыша алат. Долбоордун катышуучусу бир автор же чыгармачыл жамаат боло алат.

Сынакка катышуучулардын жаш курагына чек жок. Ар бир катышуучу же катышуучу топ сынакка бир нече эмгекти тапшыра алат. Сынакка катышуучу өзүнүн эмгегин даярдоого жана аны тапшырууга байланыштуу бардык чыгымдарды өзүнө алат.

Сынак ушул жылдын 17-мартынан 9-апрелине чейин өткөрүлөт. Арыздар 9-апрель саат 16:00гө чейин кабыл алынат.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү курамдагы долбоорду тапшыруу керек:

- кырдаалдык схема;
- экспликация менен башкы планды;
- графикалык жана фотоматериалдарды;
- монументалдык-айкелдер композициясынын көркөм-образдуу чечимдерин;
- унаа-жөө жүрүүчү схеманы;
- аймакты көрктөндүрү жана жакшыртуу схеманы;
- жалпы жана локалдуу перспективалык көрүнүштөр (керек учурда);
- автордун (автордук жамааттын) резюмеси (конверт ичинде 6-белги сандар менен);
- кабыл алынган чечимдин техникалык-экономикалык негиздемеси жана техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү менен (идеяны ачып берген жана негизги чечим тууралуу 2 барактан көп эмес) сунушталган долбоордун идеясын баяндоо – түшүндүрмө бөлүгү (электрондук түрдө).

Сынак материалдарын даярдоодо көркөм “фото” жана компьютердик графикаларды пайдаланууга болот.

Долбоордун идеясын толук ачып берүүдө кошумча материалдарды (3D-көрүнүшүн, фрагменттерди, фотографияларды) пайдалануу автордун өз эркинде.

Сынак материалдары компьютердик графикаларды колдонуу менен түстүү чыгарылган 3төн кем эмес вертикалдык багыттагы 120 х 80 см (h) көлөмдүү барактарда болушу керек.

Долбоорду иштеп чыгууда төмөндөгү шарттарды эске алуу зарыл:

- “Сан-Таш” мамлекеттик тарыхый-маданий корук музейинин имараттарын куруу;
- “Сан-Таш” көрүстөндөр тобунун аймагында жана ага чектеш аймактарда жайгашкан тарыхый-маданий мурас объекттери менен визиуалдык байланышты сактоо;
- “Сан-Таш” көрүстөндөр тобунун - археологиялык эстеликтин аймагында тарыхый-маданий мурас объекттерди реконструкциялоо, калыбына келтирүү жана музейлештирүү;
- тарыхый персонаждар (монументалдык-айкелдер композиясы) менен ачык асман алдында музей түзүү;
- унаа транспорттор үчүн токтотуу жайын уюштуруу;
- туризмди өнүктүрүү;
- чакан архитектуралык формаларды (фонтандар, отургучтар, чырактар, таштанды чаклар ж.б.) түзүү;
- аймакты тосуу, көрктөндүрүү жана жакшыртуу.

Конкурстун сунуштарын даярдоодо объекттин жана анын айлана-чөйрөсүнүн шааркурулушу, тарыхый, илимий, көркөм жана башка маданий дөөлөтү эске алынсын.

Сынак ишин баАлоо критерийи:
- долбоордун оригиналдуу идеясы жана ачык-айкын маанилүүлүгү;
- чыгармачыл ойлордун ишке ашыруу оригиналдуулугу;
- жумуштун жалпы көркөмдүк деңгээли.

Катышып жаткан мүчөлөрдүн ачык басымдуу добушу менен момиссиянын чечими кабыл алынат. Зарыл болгон учурда талапкер долбоорлорду андан ары кайра иштөө боюнча комиссия өзүнүн сын-пикирин жана каалоо тилектерин билдире алат.

Эгерде кызыкчылыктардын кагылышы орун алган учурда комиссиянын чечими боюнча жеңүүчүнү аныктоо үчүн кошумча тур өткөрүлөт. Сынактын шарттарына жооп бербеген эмгек кароого алынбайт.

Автордук укук:
Өткөрүлгөн сынакта сыйлык орун алган эң мыкты долбоор сынакты уюштуруучунун (Маданият министрлигинин) ээлигине өткөрүлүп берилет.

Сыйлыкка илинбеген долбоорлорду сынак комиссиясынын жумушу бүткөндөн кийин автордун талабы менен авторлорго кайтарылып берилет.

Пикир

Оставить комментарий