• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте акимчиликтерге «Санарип аймак» системасын толтурууну тездетүү тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. Бишкекте «Санарип аймак» автоматташтырылган маалымат системасын ишке киргизүү боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйында МАБдардын «Санарип аймак» маалымат системасына үй чарбалык менчик жөнүндө маалыматтарды киргизүүдө жана толтурууда пайда болгон көйгөйлөр талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгы менен акимчиликтерге "Санарип аймак" системасын толтурууну тездетүү жана үй чарбаларын, катталган адамдардын санын толтуруу көрсөткүчтөрүн 70%га жеткирүү тапшырылды.

Маалымдама: “Санарип аймак” системасы 2020-жыл – Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан. «Санарип аймак» тутумунун негизги максаты - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө адистердин ишин автоматташтыруу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий