• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Санарип билим берүү. Келечек горизонттору” эл аралык конференциясы өтүүдө

Билим 0

Бишкек, 08.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 8-9-декабрында Билим берүү жана илим министрлиги жана Республикалык “Алтын түйүн” Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы “Санарип билим берүү. Келечек горизонттору” эл аралык илимий-практикалык конференциясын өткөрүүдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, конференция “Алтын түйүндүн” 60 жылдыгына арналган. Конференциянын максаты – Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде санарип билим берүү боюнча топтолгон практикалык тажрыйбаны жана илимий изилдөөлөрдү кеңири жайылтуу, окуу процессине маалыматтык жана компьютердик технологияларды ишке ашыруу.

Конференцияга катышууга Кыргызстандагы Россия, Казакстан, Украина, Беларусь, Түркия жана башка өлкөлөрдөн ЖОЖдордун окутуучулулары, илимпоздору, илимий-изилдөө институттарынын адистери, мектеп жана мектептен тышкары кошумча билим берүү уюмдары, кесиптик-техникалык окуу жайларынын өкүлдөрү чакырылган. Конференциянын катышуучуларынын мыкты илимий иштери РИНЦ илимий-метрикалык тутумуна кирген И.Раззаков атындагы КМТУнун Кабарлары («Известия КГТУ им. И.Раззакова») журналынын илимий эмгектеринин жыйнагына, ал эми бардык макалалар “Алтын түйүндүн” материалдар жыйнагына жарыяланат.

Бүгүнкү күндө үч бөлүм боюнча илимий-практикалык конференцияга 114 адам катышып жатат:

  • 1-бөлүм: «Билим берүү чөйрөсүндө санариптик компетенттүүлүктү өнүктүрүүнүн чечимдери жана ыкмалары» - 32 адам;
  • 2-бөлүм: «Аралыктан билим берүү байланышы» - 34 адам;
  • 3-бөлүм: «Аралыктан окутуу программаларын, мектепте жана кошумча билим берүү аянтчаларын түзүү жана ишке ашыруу тажрыйбасы» - 48 адам.

Конференцияга Кыргызстандын 16 жогорку окуу жайынын жана 15 эл аралык жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышууда. Алардын ичинен 12 илимдин доктору, 16 илимдин кандидаты, 3 илимий изилдөөчү, аймактык институттардын жетекчилери, аймактык усулдук борборлор, шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларынын орун басарлары, директорлор жана мектеп, кесиптик лицейлердин мугалимдери.

8-декабрда КР билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүровдун катышуусу менен пленардык отурум өттү. 9-декабрда бөлүмдөр боюнча иш жүрөт. Эл аралык конференция виртуалдык Zoom жана bbb.rdita.kg платформаларында өткөрүлүп, түз эфирде YouTubе’да көрсөтүлөт. Түз эфирге шилтеме “Алтын түйүндүн” www.rdita.kg сайтында жайгаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий