• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Санарип Жалал-Абад: Шаар “Түндүк” системасына кирүүгө даярдык көрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 06.08.19. /Кабар/. Жалал-Абад шаары “Түндүк” системасына кирүүгө даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абаддын биринчи вице-мэри Майрамбек Адылбеков мамлекеттик органдардын жетекчилери үчүн “Түндүк” системасы тууралуу өткөрүлгөн семинарда билдирди.

Ал “Кабар” агенттигине Жалал-Абад шаарында санариптешүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш тууралуу айтып жатып, “Түндүк” системасына кошулуу үчүн “Санарип аймак” деп аталган маалымат базасын түзүү керектигин белгиледи.

“Жалал-Абадда өзүбүздүн бөлүмдөр аркылуу база түзүп, андан кийин “Түндүккө” кошулуу үчүн арыз беребиз. Жыл аягына чейин кошулууну пландаштыруудабыз. “Санарип аймакка” шаардын баардык тургундары тууралуу маалымат киргизилет. Кайсы жакка барба, жашаган жериңен маалымкат сурашат. Ал эми “Санарип аймак” электрондук маалымкат берет. Азыр жашоочулар чарба китептерин толтурушууда, кийин алар санарипке өткөрүлөт. База түзүлгөндөн кийин, биз бирдиктүү системаны кошуп, анда үй-бүлөсү, мүлкү жана малы да көрсөтүлөт”, - деди ал.

Адылбековдун айтуусу боюнча, аймактарды санариптешүүнүн алкагында АРГИС программасы түзүлүүдө. Ал программа шаардын муниципалдык мүлкүн каттайт.

Ал, ушул жылдын сентябрь айынан тарта Жалал-Абадда мектеп жана бала бакчаларга электрондук кезек киргизилип жатканын айтып өттү.

“Жалал-Абадда 22 бала бакча бар. Биз ал жакта видеокөзөмөл орнотобуз. Учурда адистер ата-энелер үчүн мобилдик колдонмо түзүшүүдө. Ал колдонмо аркылуу ата-энелер балдарынын бала бакчада эмне кылып жатканын көрө алышат”, - дейт Адылбеков.

Пикир

Оставить комментарий