• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Санариптештирүүнүн алкагында мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу маселеси турат - Кененбаев

Коом 0

Бишкек, 06.08.19. /Кабар/. Санариптештирүүнүн алкагында мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу маселеси турат. Бул тууралуу мамлекеттик органдардын башчылары үчүн "Түндүк" системасы тууралуу өткөрүлүп жаткан семинарда президенттин аппарат башчысынын орун басары Алмаз Кененбаев билдирди.

"Бул жылы санариптештирүү иштиктүү жүрүп жатат. Учурда борбордук аппараттарда гана эмес, аймактарга да өтүүнү көздөп жатабыз. Бүгүнкү күнү республикалык штабдын базасында санариптештирүү боюнча чакан штабдар түзүлүп, анда аким менен мэрлер иш алып барышат", - деди Кененбаев.

Аны менен бирге Кененбаев санариптешүүнүн аркасы менен канча үнөмдөө болорун сөз кылды.

"Ага бир жагына эле 2 млн кагаз жана жообуна дагы 2 млн. кагаз кетет. Бул бир эле кагаз. Мындан канча үнөмдөп жатабыз. Аны менен бирге мамлекеттик кызматкерлерди кыскартуу маселеси турат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий