• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Санариптештирүүнү өнүктүрүү жаатындагы беш ишкананын директору кызматтан алынды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Санариптештирүүнү өнүктүрүү жаатындагы беш мамлекеттик ишкананын директору кызматтан алынды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине КР Санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, "Түндүк" мамлекеттик ишканасынын директору - Нурия Кутнаева, "Инфо-Система" мамлекеттик ишканасыныни директору - Руслан Токочев, "Соцсервис" ишканасынын жетекчиси - Аман Абдылдаев, "Укуктун" башчысы Улукбек Юсупов жана "Транском" ишканасынын башчысы Максат Осмонов кызматтан бошотулду.

Аталган кызматтан кошумчалашкандай, жетекчилер гана кызматтан алынды жана алардын ордуна башкалар дайындалат.

Азырынча беш жетекчинин кызматтан алынуусунун себеби ачыкталган жок.

Пикир

Оставить комментарий