• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Санариптик өнүктүрүү министрлиги «Унаа» МИ көрсөткөн кызматтардын баасын жарыялады

Коом 0

Бишкек, 24.08.21. /Кабар/. Коррупциянын тобокелчиликтерин жокко чыгаруу жана ачык-айкындуулукту жогорулатуу максатында КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги Министрликтин алдындагы «Унаа» мамлекеттик ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын расмий бааларын жарыялаганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Документтерди, каттоо номерлерин берүү менен автоунааларга болгон укукту каттоо (кайра каттоо) кызматтарынын наркы:

• «Унаа» мекемесинин аймагынан унааны кароо – 141 сом;

• Унаанын жайгашкан жеринде кароо – 140 сом (жол киреге чыгымды эске албаганда);

• Авто жана технологиялык машиналар жана жабдуулар боюнча маалымат базасын түзүү – 141 сом;

• Мамлекеттик номер менен камсыз кылуу – 141 сом;

• Күбөлөндүрүүчү документти берүү менен транспорт каражатын каттоо (кайра каттоо) – 141 сом;

• Күбөлөндүрүүчү документтерди берүү менен технологиялык машинаны каттоо (кайра каттоо) – 121 сом;

Технологиялык машиналарды башкаруу үчүн трактористтин күбөлүгүн берүү боюнча кызматтардын наркы:

• Трактор айдоочунун күбөлүгүн каттоо жана берүү – 135 сом

• Унаалар жана айдоочулук күбөлүктөр тууралуу маалыматты тастыктоо – 142 сом

Транспорт каражаттарын айдоо үчүн айдоочулук күбөлүк берүү боюнча кызматтардын баасы - 141 сом Атайын бланк продукцияларынын баасы:

• Транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк – 192 сом;

• Улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлү – 100, 86 сом;

• Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк – 52 сом;

• Техникалык паспорт – 43 сом Унаага мамлекеттик номер белгинин баасы – 650 сом;

• Технологиялык машиналарга мамлекеттик номер белгинин баасы – 325 сом;

• Персонификация кызматынын баасы- 255 сом.

Эскерте кетсек, баалар банк кызматы эсептелбестен көрсөтүлдү. Коррупциялык көрүнүш болгон учурда "119" акысыз номерине кайрылсаңыз болот.

Пикир

Оставить комментарий