• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Санариптик өнүктүрүү министри Бишкектеги калкты тейлөө борборун күтүүсүз текшерди

Коом 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 13-апрелде КР санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов пландан тышкаркы текшерүү менен Бишкектеги Жибек-Жолу 381 дарегинде жайгашкан калкты тейлөө борборуна барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министр борборго келгендердин көйгөйлөрү жана КТБ кызматкерлеринин иши менен таанышты. Балдарды мектепке жана бала бакчага каттоого байланыштуу кайрылгандардын агымы көп.

Талантбек Иманов КТБ кызматкерлерине жарандардын кайрылууларын ыкчам чечүүнү жана кезек күткөндөрдү максималдуу түрдө кыскартууну тапшырды. Ал эми жетекчини келүүчүлөр менен байланышта болуп, жалпы залда жүрүүгө милдеттендирди.

Белгиленгендей, жарандарга кызмат көрсөтүүчү жайлардын реалдуу көрүнүшү менен таанышуу жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана КБКнын кызматкерлери менен жарандардын түз өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу боюнча мындан аркы чараларды иштеп чыгуу максатында мезгил-мезгили менен пландан тышкаркы текшерүүлөр жүргүзүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий