• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата сейрек кездешүүчү архивдик документтер жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 27.08.21. /Кабар/. КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архив агенттиги эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата өлкөнүн көз карандысыздыгы боюнча сейрек кездешүүчү архивдик документтер менен бөлүшөт, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматынан.

Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү окуялар:

1990-жылы 15-декабрда - өлкөнүн эгемендүүлүгү жөнүндө декларациясы кабыл алынган.

1991-жылы 31-августта - өлкөнүн көз карандысыздыгы жөнүндө Декларациянын кабыл алынышы.

Биринчи документ 15 беренеден турат. Декларацияда мамлекеттин эгемендигинин маанилүү постулаттарын негиздеген башка өлкөлөр менен толук теңчилик, мамлекеттүүлүктүн символикасы жана идентификациясы жазылган.

Эгемендүүлүк декларациясына ылайык, 1991-жылдын 31-августунда КР Жогорку Кеңеши көз карандысыздык жөнүндө Декларациясын кабыл алган. Эки документке тең өлкөнүн "легендарлуу" парламентинин спикери Медеткан Шеримкулов кол койгон.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын элин ушул Декларациянын негизинде биздин мамлекеттин чыныгы суверендүү жана укуктук мамлекетке айландыруу үчүн баш кошууга чакырат» – деп чагылдырылат Декларацияда.

31-августтан баштап эсеп башталып, бул күн КРнын эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын майрамдоо күнү деп жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий