• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Санариптик өнүктүрүү министрлигине сунушталган Дастан Догоевдин талапкерлигине макулдук берилди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 27-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Дастан Догоевдин талапкерлиги каралып, макулдук берилди. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтында маалымдалат.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин түзүмүнө Санариптик өнүктүрүү министрлиги кошулуп, президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Дастан Догоев санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий