• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жобосу жана башкаруу схемасы бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жобосу жана башкаруу схемасы бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 «Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын түзүмү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында кабыл алынган.

Мындан улам жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жобосун жана башкаруу схемасын бекитүү чечими кабыл алынды.

Буга катар төмөнкүлөрдү бекитүү чечими кабыл алынды:

- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын уставы;

- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын уставы.

Пикир

Оставить комментарий