• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Санариптик трансформация долбоору өлкөнүн өнүгүүсүнүн санариптик күн тартибин аныктайт - Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 18.08.18. /Кабар/. Астана шаарында (Казакстан Республикасы) кечээ, 17-августта, Кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин жетинчи жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин төрагалыгы астында өттү.

Жыйындын негизги маселеси катары өлкө өнүгүүсүнүн санариптик күн тартибин аныктоочу санариптик трансформация долбоорун ишке ашыруу каралды.

«Бүгүнкү күндө, өзгөчө, Евразиялык экономикалык биримдиктин Бирдиктүү санариптик күн тартибин ишке ашыруу зарылчылыгы шартында, улуттук экономиканы гана эмес, интеграциялык процесстерди жана экономикалык кызматташтыкты санариптештирүү маселеси биздин өлкөлөр астында маанилүү милдеттерди коюуда. Буга байланыштуу башка долбоорлор менен катар, товарлардын электрондук көзөмөлдөнүшү сыяктуу механизмдерди ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашуу багытындагы салык администрациясы жаатындагы кызматташтыкты орнотууну сунуштайбыз», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле ал белгилегендей, тараптардын эксперттери материалдарды жетиштүү түрдө иликтеп, Өкмөттөр аралык кеңештин күн тартибине киргизилген көптөгөн маселелер боюнча чечимдерди табышкан.

Пикир

Оставить комментарий