• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Санариптик трансформациянын «Санариптик Кыргызстан» концепциясын аткаруу боюнча кеңешме өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 04.05.19. /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов санариптик трансформациянын «Санариптик Кыргызстан» концепциясын аткаруу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул туууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Белгилей кетсем, бүгүнкү күнү «Түндүк» тутумуна кошула элек 4 мамлекеттик орган калды. Бир жумалык мөөнөттө тутумга кошулууну аяктоо керек. Санариптик трансформациянын «Санариптик Кыргызстан» концепциясын кабыл алгандан бери 4 ай өттү. Бул мезгилде бир катар кеңешмелер жана жолугушуулар өткөрүлүп, алардын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга бир катар тийиштүү тапшырмалар берилген. Иш-чараларды аткарууну талдоого ылайык, мен мамлекеттик органдар бул багыттагы иштерди күчтөндүрүүгө тийиш деген тыянакка келдим», – деди ал.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, Финансы министрлиги жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети тарабынан азыркы кезге чейин донорлор менен иш алып баруу жетишсиз деңгээлде жүрүүдө.

«Мамлекеттик мекемелерде иштеген IT-адистердин эмгек акысын жеке менчик IT-компаниялардын деңгээлинде жогорулатуу маселеси да маанилүү болуп саналат. Ансыз квалификациясы жогору адистерди тарта албайбыз. Мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдерин жана «Жол картанын» алкагында пландаштырылган иш-чараларды өз убагында аткарууга тийиш. Ошону менен бирге тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери санариптик трансформациянын «Санариптик Кыргызстан» концепциясын ийгиликтүү ишке ашырууга жеке жоопкерчилик алышат», – деп белгиледи ал.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов ошондой эле кирген жана чыккан интернет трафигин эсепке алуу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маселени козгоду.

«Жарым жыл мурда тийиштүү тапшырмалар берилген. Бирок бүгүнкү күнү бул багыттагы процессти тездетүү зарыл. Салык төлөмдөрү баштагыдай эле көмүскөдө калууда. Дагы бир ирет белгилей кетсем, интернет трафигин эсептөөнү жөнгө салуучу ченемдик-укуктук акты болушу зарыл», – деди ал.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине 2019-жылдын май айынын аягына чейин кирген жана чыккан интернет трафикти эсептөө боюнча ченемдик-укуктук актынын долбоорун киргизүү тапшырылды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына кирген жана чыккан интернет трафикти эсептөө боюнча тиешелүү аппараттык-программалык комплексти киргизүү милдеттендирилди.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине мамлекеттик органдарда санариптик трансформациянын «Санариптик Кыргызстан» Концепциясын ишке ашыруунун үстүндө иштеген IT-адистердин эмгек акысын төлөө үчүн финансы каражаттарын табуу боюнча сунуштарды бир жумалык мөөнөттө киргизүү тапшырылды.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жетекчилигине карата тартипке чакыруу жаза чарасын көрүү сунушун киргизүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий