• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

“Санаторийлердин абалы начар”. Профсоюздар федерациясы инвесторлорду издөөдө

Коом 0

Бишкек, 25.01.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын профсоюздар федерациясы инвесторлорду издөөдө.

“Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында токой тармактарынын кызматкерлер профсоюзунун төрагасы жана кыймылсыз мүлк маселелер комиссиясынын жетекчиси Канатбек Осмонов профсоюздар федерациянын балансында ден соолукту чыңдоочу алты курорт-санатория, алты эс алуу үй, 20дан ашуун лагер жана балдардын ден соолугун чыңдоочу борборлор бар экенин билдирди.

“Кыргызстандын керемет жерлери, тоолору, көлдөрү бар. Мына ошонун ичинен эң жакшы жерлеринде профсоюздун объектилери жайгашкан. Алсак, дарылык касиети бар ылайлар, минералдык суу, термалдык ысык суу жана булак. Тилекке каршы, ошол санаторийлердин абалы начар, заманбап талаптарга жооп бербей жатат. Ошол себептен элден нааразычылыктар болууда”, - дейт ал.

Осмонов бир гана инвестиция тартуу менен ал объектилердин абалын оңдоп, бүгүнкү күндүн талаптарына жооп берген шартка алып келүүгө болорун белгилейт.

“Өткөн жылы Кыргызстандын туризмин өнүктүү фонду түзүлгөн. Алар менен иш жүрүүдө. Инвестициялар келсе санаторийлер жакшырып калат эле. Инвесторлор бир гана сырттан эмес, ичтен дагы келсе жакшы болмок. Аларды дагы чакырат элек”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий