• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Санэпидемкөзөмөл департаментинин директору: Учурда Бонецкий лабораториясынын максаты - медиктердин анализдерин изилдөө

COVID - 19 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Бонецкий лабораториясы Республикалык өтө кооптуу жана карантиндик борборунун базасында өз ишин баштады. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Абдыкадыр Жороев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө лабораториянын негизги максаты - республикабыздагы, тагыраак айтканда, Бишкек шаарындагы медициналык кызматкерлердин анализдерин изилдөө болуп саналат. “Учурда бейтапканалардагы, мобилдик топтордо иштеп жаткан медициналык кызматкерлердин анализдери изилденип жана алар диагностикалык жактан кароодон өтүүдө”, - деди Жороев.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 198 учур катталды, алардын ичинен 114 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий