• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сания Шакирова кабылган жол кырсыгы: Унааны болочоктогу жолдошу башкарып бара жаткан

Кырсык 0

Бишкек, 08.06.18. /Кабар/. Дүйнө сулуусу Сания Шакирова каза болгон жол кырсыгында унааны айдоочу эмес, анын болочоктогу жолдошу башкарып бара жаткан. Бул маалыматты Ысы-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Мурда “Ravon Nexia” үлгүсүндөгү унаа Namba Taxi компаниясына таандык экендиги айтылган.

ИИБден тергөө иштерине таянып билдиришкендей, 31 жаштагы Чыңгыз ошол каргашуула окуя күнү унаасын досу менен алмашкан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

“Кечээ көчмө жыйын өтүп, анда кырсыкка себепчи болгон адамды СИЗОго эки айга камоо чечими кабыл алынган. Ага кечээ акырегине операция жасалды, бир нече күн ооруканада болот, дарыгерлердин уруксатынан кийин камакка алынат”, - деп кошумчалашты ведомстводон.

Соттук-химиялык экспертиза кырсык учурунда анын мас абалга болгондугун тастыктады.

Эске сала кетсек, 2-июнда Чок-Тал айылына кире бериште айдоочу унааны башкара албай, жолдун четиндеги тосмону сүзгөн. Кырсыктан Сания Шакирова каза болгон. Экинчи жүргүнчү үч күн ооруканада жатып чыккан.

Шакированын артында үч баласы калды.

Пикир

Оставить комментарий