• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандарды жоопкерчиликке тартууга багытталган мыйзам долбоору кабыл алынды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 1-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, өзгөчө абал шартында коменданттык саатты бузган жарандарды жоопкерчиликке тартуу багытында тиешелүү кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөгөн мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Тагыраагы, өзгөртүүлөр Кылмыш, Жоруктар жана Бузуулар жөнүндөгү кодекстерге сунушталган. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Талкуу маалында депутаттар үй карантинин жана обсерация шарттарын бузган жарандарга карата катаал чара көрүү керектигин белгилешти. Ошондой эле COVID-19 илдети боюнча жалган маалымат тараткандарды да жоопкерчиликке тартуу маселеси айтылды. Ошондой эле жыйында карантиндик-санитардык өткөрмө жайларынын ишмердүүлүгүнө жана өзгөчө абал маалында иштеген укук коргоо органдарынын ишин уюштурууга тиешелүү көйгөйлөр көтөрүлдү.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы, депутат Наталья Никитенко COVID-19 илдетинин жайылышына жана буга карата айрым шаар-райондордо өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу аталган мыйзам долбооруна бир катар сунуштар киргизилгенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий