• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте тазалык тартибин сактабаган бир катар ишканаларга айып салынды

Коом 0

Бишкек, 24.01.22. /Кабар/. Бишкекте тазалык тартибин сактабаган бир катар ишканаларга айып салынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул жолу тазалык тартибин сактабагандыгы үчүн (Абдрахманов №152 дарегиндеги) «Азия Батыш Бишкек» жана “Шерой” ишканалары КР “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренесине ылайык 13 миң сомго, ал эми шаар тургуну Ж.Н. 3 миң сомго айып тартышат.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын тургуну М.к.Д. өндүрүш калдыктарын белгиленген жерге төкпөстөн, үйүнүн жанына таштагандыгы үчүн 7500 сом айып салынды.

Ошондой эле 179-берененин 2-бөлүгүнө ылайык, өз алдынча жер казуу иштерин жүргүзгөндүгү үчүн «Бай Бол» ишканасы жоопкерчилик тартат.

Ал эми «Битрейд Имплекс» ишканасы Курчатов №65 дарегиндеги жолду булгап, 177-берененин 2-бөлүгү менен 23 миң сомго айыпталды. Бирок өкүлдөр күнөөсүн мойнуна албагандыгы үчүн иш мыйзам бузуулар боюнча административдик комиссиясында каралат.

Суроолор боюнча төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.

Пикир

Оставить комментарий