• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Санитардык-карантиндик талаптарды бузган кафе, эс алуучу жайларга карата мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт – ИИМ

Коом 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. Санитардык-карантиндик талаптарды бузган кафе, эс алуучу жайларга карата мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

Анын айтымында, кээ бир чоң шаарларда, мисалы Бишкек шаарында кээ бир эс алуучу жай, кафе, ресторандардын ээлери санитардык-карантиндик талаптарды так аткарбай, бузуп жатышат.

"Айрым кафелер, ресторандар ооз ачуу өткөрүүгө шарт түзүп жатат. Андан тышкары түнкү эс алуучу жайлар иштеген учурлар аныкталды", - деп ал, санитардык-карантиндик талаптарды бузган кафелердин, эс алуучу жайлардын ээлерине карата мыйзамга ылайык чаралар көрүлөрүн эскертти.

Пикир

Оставить комментарий