Санитардык талаптар сакталышы керек. Бүгүндөн тартып Бишкекте коомдук транспорт жүрө баштайт

Коом 0

Бишкек, 25.05.20. /Кабар/. 25-майдан тартып Бишкек шаарында коомдук транспорт жүрө баштайт, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жазылган санитардык эрежелер бекем сакталышы шарт. Буга чейин айтылгандай, линияга чыгуудан мурда транспорт каражаттары дезинфекцияланат.

Бардык металл жана пластик беттердин тазаланышы шарт. Транспорттун ичинде жүргүнчүлөрдүн саны, орундуктардын саны менен чектелүүсү керек. Бардык жарандар милдетүү түрдө бепткап тагынышы зарыл.

Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында беткап, дезинфекциялоо, коомдук унааларда жүргүнчүлөрдүн чектелген саны – бул катуу көзөмөлгө жана байкоого алынуучу милдеттүү талаптар экендигин айткан.

Белгилей кетсек, азырынча аймактар аралык коомдук унаалар каттабайт.

Пикир

Оставить комментарий