• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Санитардык талаптарды сактабагандыгы үчүн айып салынган объектилердин көбү Бишкекте

Коом 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Санитардык талаптарды сактабагандыгы үчүн айып салынган объектилердин көбү Бишкек шаарында орун алган. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, талаптарга баш ийбеген объектилерге салынган айыптын суммасы боюнча эң көп Бишкек шаарында - 3 млн 196 миң сом, андан кийин Ош облусунда - 2 млн 967 миң 500 сом, Жалал-Абадда - 972 миң сом, Таласта - 105 миң сом, Нарында - 141 миң сом, Баткенде - 278 миң сомго айып салынган.

"Той өткөрүү, куран окутуу жана башка ушул сыяктуу салтанаттар көп өткөрүлүп, элди массалык түрдө (200-300 адам) чогултуу фактылары көп катталууда. Көпчүлүк коомдук тамактануу жайларына кире берген жерлерде "кирүү фильтри" уюштурулган эмес, жумушчулардын дене табы өлчөнбөйт, жумушчулардын дене табын түшүрүү үчүн журнал уюштурулган эмес, жумушчулар беткап тагынбаган фактылар көп кездешүүдө. Ошондой эле орундуктар ашыкча жайгашкан (50дөн көп), тамактануу столдорунун аралыгы (1,5-2м) сакталбаган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий