• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Санкт-Петербург шаарында СССРдин эл артисти Төлөмүш Океевдин бюсту орнотулду

Маданият 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Санкт-Петербург шаарында СССРдин эл артисти Төлөмүш Океевдин бюсту орнотулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 27-майда бюсттун ачылышына Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат катышты.

Иш-чарага режиссердун туугандары, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, КР кинематография департаментинин өкүлдөрү катышып, ЖК төрагасы Талант Мамытовдун маанилүү окуяга байланыштуу куттуктоосу окулду.

Элчи Гүлнара-Клара Самат билим берүү мекемесинин жетекчилигине КР ЖК депутаты К.Иманалиевдин демилгесин колдоп, ишке ашыргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Элчи өз сөзүндө кыргыз киносунун өнүгүшү жана калыптанышы кыргыз киносун эл аралык деңгээлге көтөргөн, өлкөбүздө кино индустриясынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон Төлөмүш Океевдин ысымы менен ажырагыс байланышта экендигин айтып, кыргыз-россия маданий-гуманитардык кызматташтыгын илгерилетүү жана өнүктүрүү элчиликтин ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле кыргыз кинематографиясынын чыгармаларынын тарыхый жана маданий баалуулугун сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, 1955-жылы тартылган «Салтанат» аттуу алгачкы кыргыз көркөм тасмасынын жаңыртып жазылган түрүн Россиянын «Госфильмофондунан» алуу боюнча элчилик тарабынан иштелип жаткан иштер өзгөчө белгиленди.

Фильм КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин кинематография департаментине берилди.

Пикир

Оставить комментарий