• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Санкт-Петербургда автобустун алдында калып каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жөнөтүшөт

Коом 0

Бишкек, 23.01.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Санкт-Петербургда автобустун алдында калып каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жөнөтүшөт. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Санкт-Петербургдун тиешелүү органдары 19-январда автобусту оңдоо учурундагы кокустуктан 1980-жылы туулган КРдин “И.Д.К.”, аттуу жараны каза болгон фактысын тастыктады.

“Керек болсо КР элчилигинин канцеляриясы маркумдун туургандарына “жүк-200” жөнөтүүдө жардам берет”,-деп билдиришти элчиликтин басма сөз кызматынан.

Эске сала кетсек, 19-январда Санкт-Петербургда Кыргызстандын жараны 37 жаштагы айдоочу автобусту домкраттын жардам менен автобусту көтөрүп алып оңдоп жаткан. Натыйжада кыргыз жаранын автобус басып калган. Алган жаракатынан улам ал окуя болгон жерден каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий