• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Санкт-Петербургда көп кабаттуу үйдүн терезесинен түшүп кеткен кыргызстандык кыздын абалы оор

Коом 0

Бишкек, 14.05.21. /Кабар/. 11-майда Санкт-Петербургда кыргызстандык 10 жаштагы И.М. этиятсыздыктан улам көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынын терезесинен түшүп кеткен. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, кыз көптөгөн жаракаттары менен ооруканага жеткирилген, абалы өтө оор деп бааланууда.

Жакын арада жабыркаган жердерине операция жасалуу пландалууда, анын жыйынтыгында жасалма дем алдыруу аппаратынан бошотулат жана кыз өз алдынча дем ала баштайт.

Аталган маселе КРнын РФдагы элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы канцеляриясынын көзөмөлүндө турат.

Пикир

Оставить комментарий