• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Санкт-Петербургда КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын 46-пленардык жыйыны өттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28-март /Кабар/. 27-мартта Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация Санкт-Петербург шаарында уюштурулган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) кезектеги 46-пленардык жыйынына катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында "Өз алдынчалуу мекеме", "Мамлекеттик менчик", Мамлекеттик мүлктүү каттоо", "Жеке мүлккө мамлекеттик каттоо укугу", "Күбөлөндүрүү", "Мамлекеттик өндүрүш саясаты" жана "Нарк аныктоону мамлекеттик жөнгө салуу" тууралуу моделдик мыйзамдардын долбоорлору талкууланып, КМШга мүчө мамлекеттердеги иш үстүндө жабыр тарткан жумушчулардын абалын иликтөө жана эмгек шартын коргоо жаатындагы бирдиктүү эрежени кабыл алуу сунуштары каралды.

Андан тышкары, КМШ алкагындагы жаш окумуштуулардын кызматташтыгы, жаныбарларга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу, айыл чарбасына бирдиктүү спутниктик мониторинг жасоо системасын уюштуруу сунуштары көтөрүлүп, жыйын катышуучулары КМШга мүчө мамлекеттердин Токой кодексинин жаӊы моделдик редакциясы, "Калктын экологиялык маданиятын жогорулатуу", "Коомдук көзөмөлдүн негизи", "Унаа транспортту", "Мамлекеттик эмес кароол ишмердүүлүгү" жана "Чек арадагы мекемелер" жөнүндөгү моделдик мыйзамдар тууралуу пикир алмашышты.

Жыйын соӊунда көтөрүлгөн бардык маселелердин актуалдуу экендиги белгиленип, КМШ алкагында саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды чыӊдоо менен экологияны коргоо жаатында кызматташуу зарылчылыгы айтылды.

Эске салсак, Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин делегациясы КМШ ПАА жана ЖККУ ПАнын кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарында жүрөт. Делегациянын курамында депутаттар А.Баатырбеков, А.Кодуранова, А.Шадиев, И.Матраимов, К.Иманалиев, М.Сабиров, А.Токторов, И.Сарсейитов, Н.Алимбеков, Е.Строкова, А.Нурбаев, А.Жамангулов, Б.Сулейманов, Д.Исаева, И.Карамушкина, А.Артыков жана К.Орозовалар бар.

Пикир

Оставить комментарий