• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Санкт-Петербургда КР жараны чатырдан кулап каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 16.02.18./Тумара Туратбекова – Кабар/. Санкт-Петербургда үйдүн чатырын тазалап жаткан кезде Кыргызстандын жараны кулап кетип, каза болду. Учурда анын өздүгү такталган. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 14-февралда 7-чи Совет көчөсүндөгү үйдүн чатырынан кыргызстандык кулап кеткен, ал 1989-жылы туулган Баткен облусунун Кадамжай районунун Таш-Курган айылынын Т.А., аттуу жараны.

Учурда “жүк-200” мекенине жөнөтүү боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий