• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Санкт-Петербургда курулушта 21 жаштагы кыргызстандык жигит каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 09.11.18 /Кабар/. Россиянын Ленинград облусунун Сестрорецк шаарында Кыргызстандан барган жумушчу 21 жаштагы улан курулушта каза болгон. Бул тууралуу РФнын укук-коргоо органдары "Невские новости" басылмасына билдиришкен.

Маалым болгондой, кырсык 7-ноябрда Сестрорецк шаарынын Приморское шоссесиндеги 352 үйүндө болгон. Куруучу бийиктиктен төртүнчү кабатка кулап түшкөн.

Полиция кызматкерлери аныктагандай, маркум 11-кабатта коопсуздук куру жок чатыр жумуштарын аткарып жүргөн. Ал тең салмактуулугун жоготуп, бийиктиктен кулап түшкөн.

Учурда окуянын чоо-жайы такталууда. С

Пикир

Оставить комментарий