• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Санкт-Петербургда кыргыз жараны жол кырсыгынан каза болду

Коом 0

Бишкек. 02.04.19 /Кабар/. Россиянын Санкт-Петербург шаарында 30-март күнү кыргыз жараны жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлады.

Маркумдун сөөгү бүгүн, 2-апрелде, Кыргызстанга келиши мүмкүн. Анын сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн кыргызстандыктар керектүү акча чогултуп беришкен.

Маалыматка ылайык, 30-мартта эрте менен Невский жана Литейный көчөлөрүнүн кесилишинде бир нече автоунаа кагышкан.

Жол кырсыгынан Volkswagen Polo унаасын айдап бараткан 41 жаштагы кыргыз жараны кырсык болгон жерде каза болгон.

Полиция кырсык боюнча кылмыш ишин козгоду.

Пикир

Оставить комментарий