• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Санкт-Петербургда Кыргызстандык мигранттардын ымыркайы каза болду

Коом 0

Бишкек, 13.03.18. /Кабар/. Санкт-Петербургда мигранттардын үй-бүлөсүндө ымыркай чарчап калды. Бул тууралуу “Невским Новостям” укук коргоо органдарынан кабарлашты.

12-мартта болжол менен саат 10:00 Новоизмайлов проспектисиндеги №57 үйдүн 1 корпусунда 2018-жыл төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылган. Денесинде эч кандай ур-токмок издери аныкталган эмес. Ымыркай баланын жүрөгү ооруй тургандыгы аныкталган. Өздүгүн такташ үчүн сөөктү моргго жөнөтүштү.

Каза болгон ымыркайдын апасы 1984-жылы туулган, Кыргызстанжын жараны. Атасы – Россиянын жараны.

Пикир

Оставить комментарий