• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Санкт-Петербургда кыргызстандыктарды тоногон УКТ мүчөлөрү кармалды (сүрөт-видео)

Кырсык 0


Бишкек, 02.05.19. /Кабар/. Россиянын Санкт-Петербург шаарында кыргызстандыктарды тоногон уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Берилген маалыматка ылайык, ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү жергиликтүү укук коргоо органдары менен биргеликте өз мекендештерин тоногон УКТнын активдүү мүчөлөрү болгон кыргыз жарандарын кармашкан. Алар кыргызстандыктарды күч колдонуу менен акча опузалап талап кылып, тоноп жүрүшкөн.

ИИМдин өкүлчүлүгүнө көп убакыт бою Санкт-Петербургда жана Ленинград облусунун аймагында Кыргызстандын жарандарына карата кылмыш жасалып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

“Көп убакыт боюу кылмышкерлер мыйзамсыз акча чогултуу, опузалап талап кылуу, адамдарды уурдоо, өлтүрүү менен коркутуу, айтылган талаптар аткарылбаса туугандарына карата күч колдонуу менен коркутуп келишкен”, - деп айтышты милициядан.

Жабырлануучулар Россиянын укук-коргоо органдарына кайрылбагандыктан, кылмыш жасаган адамдар жазасыз калып, өз ишин улантып келишкен.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

29-апрель күнү кармалгандар:

1) Ош облусунун Кара-Суу районунун 38 жаштагы А.Ж., аттуу тургуну. Алынган маалыматтар боюнча, Санкт-Петербург шаарында жана Ленинград облусунда "смотрящий" болгон.

2) Экинчиси 32 жаштагы Ош облусунун Алай районун Э.А. аттуу тургуну.

Кармалгандардын экөө тең уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары министрликтин каттоосунда турган.

30-апрель күнү кармалгандар эки айга убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда алардын башка иштерге тиешеси бар же жок экендиги аныкталууда.

Пикир

Оставить комментарий