• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Санкт-Петербургда кыздын өгөй атасы тарабынан зордукталышы. КР ТИМи нота жөнөттү

Коом 0

Бишкек, 30.05.22. /Кабар/. Санкт-Петербургда кыздын өгөй атасы тарабынан зордукталашы боюнча Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Санкт-Петербургдагы өкүлчүлүгүнө жогоруда аталган окуя боюнча маалымат берүү өтүнүчү менен нота жөнөттү.

Элчиликтен кабарлашкандай, ошол эле учурда Санкт-Петербург шаарынын укук коргоо органдары, камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары, ошондой эле Санкт-Петербург шаарындагы Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат жөнөтүү өтүнүчү да билдирилди. Бул окуя боюнча Санкт-Петербургдун компетенттүү органдарынан расмий жооп күтүлүүдө.

Эске салсак, жалпыга маалымдоо каражаттарында Санкт Петербург шаарында 16 жаштагы кыз өгөй атасы тарабынан системалуу түрдө сексуалдык ыдык көрсөтүүгө дуушар болгондугу тууралуу маалымат тараган.

Айрым маалыматтар боюнча, кыздын өгөй атасы Кыргызстанда туулган. Өспүрүм өгөй атасы менен апасы тарабынан токмоктолуп, ооруканага түшкөн. Мындан тышкары, полиция тарабынан кыздын өгөй атасы зордуктоого шектелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий