• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Санкт-Петербургда метродогу жардырууну Россия жараны жасаган - УКМК

Коом 0

Бишкек, 4-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. Санкт-Петербург шаарындагы метродогу жардырууну Россиянын жараны ишке ашырган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан метрону жардырган жанкечти Ош облусунда туулган Россия Федерациясынын жараны экендигин белгилешти. “Азырынча болгону ушул маалымат бар. Биз учурда Россиянын атайын кызматтары менен байланышып, тиешелүү чараларды көрүп жатабыз”, - деди УКМК басма сөз кызматынын башчысы Рахат Сулайманов.

Ал качан жарандык алгандыгы белгисиз.

Эскерте кетсек, 3-апрелде 15:00 чамасында петербург метросунун вагонунда «Сенная площадь» жана «Технологический институт» станцияларынын ортосунда жардыруу болгон. УАК такталган маалыматтары боюнча курман болгондор 11 адам, 45и ооруканага жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий