• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Санкт-Петербургда парламенттик делегация Айтматовдун 90 жылдыгына арналган экспозициянын ачылышына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.11.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асел Кодуранова баштаган парламенттик делегация Санкт-Петербург шаарында болгон иш сапардын алкагында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган экспозициянын ачылышына катышты.

Айтматовдун чыгармаларын камтыган сүрөт көргөзмө Таврия сарайында уюштурулуп, ачылыш аземге КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык Ассамблеясынын кеңешине келген бардык делегаттар катышты. Ачылыш аземде сөз сүйлөгөн төраганын орун басары Асел Кодуранова: "Чыңгыз Айтматов улуту кыргыз болгону менен бүткүл ааламдын Айтматову болуп калды. Анын чыгармалары ар бир улуттун жүрөгүндө жашап, гумандуулукка, айкөлдүккө чакырып келет. Улуу калемгер бизге калтырган кенчи аркылуу дүйнөнү бириктирүүгө жана достукка үндөгөнү айныгыс чындык",-деп белгиледи.

Ал эми өз кезегинде улуу жазуучу менен пикир алышып, анын ар бир сөзү жан дүйнөсүнө азык болгонун Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федереция Кеңешинин төрайымынын орун басары Ильяс Умаханов белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий