• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Санкт-Петербургда Жаштардын парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны өттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.11.19. /Кабар/. Санкт-Петербург шаарында КМШга мүчө-өлкөлөрдүн жаштарынын Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынын өткөрүү жакшы салт болуп келетат. Бул жолу да КМШ ПААнын 50-пленардык жыйынынын алкагында Жаштардын Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги жыйыны өткөрүлдү. Жаштардын жыйынына Кыргызстандын атынан Ош шаардык кеӊешинин депутаты Мирлан Аматбеков, Нарын шаардык кеӊишинин депутаты Айбек Токошов катышты.

Жаштар ассамблеясынын жыйынында жаштардын шайлоого катышуусу, аялдардын шайлоого катышуудагы катнашы, жаштарды саясатка аралаштыруу, жаштардын мамлекетти өнүктүрүүгө таасири туурасындагы ар кыл маселелер талкууга алынды. Парламентчилердин жаштар канатын өнүктүрүү боюнча ой-пикирлер ортого салынды. Шериктештиктин жаш саясатчыларынын башын кошо турган аянтчарды түзүү жана кеӊейтүү боюнча да өз ара маалымат алмашышты.

Дегеле жаштар канатынын иш-аракеттерин жандандыруу багытындагы келечектуу пландар туурасындагы пикирлерге кеӊири орун берилгени Жаштардын парламенттер аралык ассамблеясынын көздөгөн максаты бийик экендигинен кабар берет.

Пикир

Оставить комментарий