• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Санкт-Петербургда ЖЕЭКтин кезектеги жыйынынан фоторепортаж

ЕАЭБ 0

Бишкек, 21.12.19./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 20-декабрда, Санкт-Петербург шаарында (Россия) өткөн Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына катышты.

ЖЕЭКтин жыйыны чакан жана кеңейтилген курамда өтүп, Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрүнүн башчылары ЕврАзЭСтин алкагында өлкөлөрдүн интергациясын мындан ары да тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюшту.

Евразия экономикалык Кеңешинин Коллегиясынын төрагасы Тирган Саркисяндын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2020-жылдын 1-февралында аяктагандыгына байланыштуу, ЕЭК Коллегиясынын төрагалыгына Беларусь Республикасынын өкүлү Михаил Мясникович шайланды.

Андан ары Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) мамлекеттеринин жетекчилери бейформал жолугушуу өткөрүшүп, биргеликте «1939-ж. Экинчи Дүйнөлүк согуштун башталышы» деп аталган тарыхый-даректүү көргөзмөсүн көрүп чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий