• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Санкт-Петербургда зордукталган өзбекстандык эне-кыздын иши каралууда

Дүйнө 0

Бишкек. 29.05.19 /Кабар/. Санкт-Петербургда өзбекстандык аялды жана анын 12 жаштагы кызын мыйзамсыз кармап, сексуалдык кордук көрсөткөн эки эркектин бири кармалды. Орусиялык басылмалар билдиргендей, шектүү – 42 жаштагы Тажикстан тургуну.

25-майда Орусия тергөө комитетинин Санкт-Петербургдагы башкармалыгы “Зордуктоо”, “Эки же андан ашык кишини мыйзамсыз эркиндигинен ажыратуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

“Ватандош” өзбек жердештер уюмунун президенти Усман Баратовдун билдиришинче, 12 жаштагы кыз үйдө жалгыз калганда, коңшу бөлмөдө жашаган тажик мигрантынын 17 жаштагы жээни зордуктап кеткен. Ал кызга эки жума бою зомбулук көрсөткөнү айтылууда. Апасы окуяны билип калып, баланын таякесине даттанганда ал аялды сабап, зордуктап койгон.

Усман Баратовдун айтымында, жабырлануучу Санкт-Петербургдагы автобекетке келип, полицияга кайрылган, бирок кызматкерлер жардам бербей, аялды кууп чыккан. “Ватандош” уюму тартип сакчыларды сотко берүүгө ниеттенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий