• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Санкт-Петербургдагы ЖЕЭКтин жыйынында бир катар документтерге кол коюлду

ЕАЭБ 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. Санкт-Петербургдагы (Россия) ЖЕЭКтин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кол коюлган документтер:

  1. Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиясынын багыттары жөнүндө;
  2. Евразия экономикалык комиссиясы Коллегиясынын төрагасы жана жеке курамы жөнүндө;
  3. Евразия экономикалык комиссиясынын кадрдык курамын түзүүдөгү негизги ыкмалар жөнүндө;
  4. Евразия экономикалык комиссиясынын ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары жөнүндө;
  5. Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу боюнча Макулдашууга кол коюу жөнүндө;
  6. Европа экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттери тарабынан Евразия экономикалык биримдигинин ички рыногунун иштөөсүнө болгон тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштерди алып баруу жөнүндө;
  7. Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кээ бир секторлор боюнча либералдаштыруу пландарын ишке ашыруу жөнүндө;
  8. Евразия экономикалык комиссиясынын иштөө регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
  9. Евразия экономикалык биримдигинин жалпы электроэнергетикалык рыногун түзүүгө багытталган иш-чаралардын планы жөнүндө;
  10. Евразия экономикалык биримдигинин төрагалыгы жөнүндө;
  11. Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө.

Пикир

Оставить комментарий