• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сапар Асанов: «Жеңил өнөр жай күнүнө карата тигүү технопарктарын түзүп баштайбыз»

Экономика 0

Бишкек, 1-март /Салтанат Абдраева – Кабар/. "Июндун үчүнчү он күндүгүндө өтүүчү жеңил өнөр жай күнүнө карата биз тигүү технопарктарын түзүү иштерин баштайбыз”, - деп билдирди бүгүн “Кабар” агенттигине “Жеңил өнөр жай” Ассоциациясынын президенти Сапар Асанов.

Анын айтымында, өткөн жумада Бишкекте тигүү технопарктарын түзүү маселеси боюнча премьер-министр С.Жээнбеков башында турган атайын өкмөттүк жыйын болгон. “Анда бул маселени жакынкы убакта чечүү чечими кабыл алынды. Чүй облусунун губернаторуна жер тилкесин бөлүп берүү маселесин чечүү тапшырылды. Андан соң жер тилкесин трансформациялоо боюнча бардык процедуралык маселелерге 2-3 жума кетет. Марттын этегинде бул жер тилкелерине укук алууну күтүп турабыз. Апрелден тартып долбоордун ТЭНин иштеп чыгып, жеңил өнөр жай күнүнө карата бул тууралуу билдирип жана курулушту баштоого даярданып жатабыз”, - деди С.Асанов.

Ошондой эле, ал тигүү ишканаларынын көп бөлүгү кабыл алынган стандарттарга дал келбейт деп белгиледи. “Биз БДСУнун мүчөсү болуп туруп, бул мүчөлүк берген укуктарды толук кандуу колдоно албай жатабыз. Бардык эле ишканалар талаптарга жана кабыл алынган стандарттарга жооп бербегендиктен батыштын рыногуна чыга албай калуудабыз. 300гө жакын ишкана буга жетишти, анткен менен аларга өкмөттүн жардамы керек. Ушундан улам технополистерди түзүү маселеси – эң актуалдуу. Себеби, бул 150 миңден ашык адам эмгектенген социалдык маанилүү долбоор, экспортко багытталган тармак болуп саналат”, - деп билдирди Ассоциация башчысы.

С.Асанов белгилегендей, тигүү тармагы өнүгүп жатат. Кыргызстанга 3 жылдын ичинде 92 миң тигүүчү машина алынып келингендигинин өзү айтып турат.

“Бирок продукцияны сатуу рыногун кеңейтүү керек. Ал эми бул үчүн бардык ишканаларыбыз кабыл алынган стандарттарга жооп бериши зарыл. Эгерде биз азыр буга көңүл буруп, тиешелүү чараларды көрбөсөк, бир нече жылдан кийин жеңил өнөр жай тармагын жоготуп алабыз. Биз тигүү продукцияларынын жармаңкесин уюштуруп, Голландиядан ишкерлер келишкен. Аларга биздин продукциянын сапаты абдан жаккан, бирок биздин цехтердин абалын көргөндөн кийин, өлкөнүн тигүү ишканалары тиешелүү стандарттарга жооп бербегендиктен тапшырык бере албайбыз дешкен”, - деп билдирди С.Асанов.

Пикир

Оставить комментарий