• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сапар Исаков 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондорду эскерди

Өкмөт 0

Бишкек, 24.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, бүгүн 24-мартта, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып, 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларда курман болгон жарандарга куран окутууга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы монументалдык тактайчага гүл койду. Андан соң куран түшүрүлүп, иш-чара катышуучулары Ата-Бейит» мемориалдык комплексинин аймагына 300 жакын көчөт отургузушту.

«Биз өз өмүрүн акыйкат бийлик жана эркиндик үчүн курман кылган мекендештирибизди эч качан унутпайбыз. Ар-бирибиз алар өз өмүрүн Кыргыз Республикасынын жаркын келечеги үчүн бергендигин эстен чыгарбашыбыз керек. Биздин мамлекетибиздин тарыхында бул окуялар алтын тамагалар менен жазылып калат», - деди Сапар Исаков.

Иш-чарага «Мекен шейиттери» жана «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий