• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сапар Исаков: 9 күндүн ичинде 208 жол кырсыгы катталып, 42 адам каза болду

Коом 0

Бишкек, 10.11.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 1нен 9-ноябрь аралыгында республика боюнча 208 жол кырсыгы катталып, натыйжада 42 адам каза болуп, 301и жаракат алышты. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында өкмөт башчы Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымына караганда, бул көрсөткүчтөр коомдук резонансты жаратууда.

“План кайсы жерде иштебей жатканын, биздин команданын ишинде кандай кемчиликтер бар экендигин билүү керек. Эң башкысы аракеттерди бардык жерде чыңдоо керек”,-деди ал.

Премьер билдиргендей, 2017-жылдын 10 айындагы жыйынтык боюнча Кыргызстанда 5 миң 197 жол кырсыгы катталган, андан 95 адам каза болуп, 7 миң 839у жабыркаган. Былтыркы жылга салыштырмалуу каза болгондордун саны 8,3% көп.

Пикир

Оставить комментарий