• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Сапар Исаков алгачкы жолу расмий иш сапары менен РФге барат

Өкмөт 0

Бишкек, 28.09.17 /Кабар/. 2017-жылдын 29-30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков алгачкы жолу расмий иш сапары менен Россия Федерациясына барат. Бул 1991-жылдан бери өлкөнүн жаңы тарыхындагы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Россияга болгон алгачкы расмий иш сапары. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө башчынын буга чейинки бардык иш сапарлары жумуш боюнча болуп келген. Ошондой эле бул Сапар Исаковдун Премьер-министр катары Россияга болгон алгачкы иш сапары .

Премьер-министр Сапар Исаковдун расмий иш сапарынын алкагында, ардактуу күзөтчүлөрдүн ротасы күтүп алат, ошондой эле “Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө” гүл коюу аземи күтүлөт.

Андан ары Премьер-министр эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Ошону менен катар Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев жана Россия Федерасиясынын Мамлекеттик Думасынын башчысы Вячеслав Володин менен жолугушуулар белгиленген.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы Москванын мамлекеттик “Коопсуз шаар” прогаммасынын заманбап иши менен жана ВДНХ аймагында жайгашкан “Кыргызстан” павильону менен таанышып, “Мурас клиникасы” медикал борборунун ачылышына катышат.

Андан кийин Россия Федерациясында жашаган мекендештер менен жана кыргыз диаспорасынын жетекчилери менен жолугушуусу пландалуда.

Пикир

Оставить комментарий