• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сапар Исаков: “Биз Кыргызстанда “акылдуу шаарларды” курууну каалайбыз”

Коом 0


Бишкек, 13-май /Кабар/. КР Президентинин Апппаратынын жетекчиси Сапар Исаков бүгүн Каталониянын Заманбап архитектура институтунун алдындагы шаардык чөйрө лабораториясынын директору Висенте Гуайарт менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Акылдуу шаарларды” куруу тармагында иштеген архитектор менен жолугушууда Президенттин аппарат жетекчиси “Таза Коом” долбоору тууралуу айтып берди. “Биз Кыргызстанда акылдуу шаарларды куруп, аларды ыңгайлуу, коопсуз кылууну, коомдук унааларды жагымдуу жана адамдардын талаптарына жооп бергендей кылууну каалайбыз”, -деди Сапар Исаков.

Президенттин аппаратынын башчысы жарандар үчүн абдан маанилүү тармактарга: коомдук транспорт, унаа токтотуучу жайлар, жарыктандыруу, светофорлор, турак жай-коммуналдык кызматтар жана башкаларга “акылдуу технологияларды” эртелеп киргизүүгө кызыкдарлык билдирди.

Висенте Гуайарт өз кезегинде Барселонадагы инновациялык архитектуралык долбоорлорду иштеп чыгуу жана киргизүү тажрыйбасы менен бөлүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар шаарларды өнүктүрүү, имараттарды моделдештирүүнүн технологияларын киргизүү жана колдонуу, альтернативалык жарыктандыруу, жылуулук технологиялары жана башкалар тууралуу талкуулашты.

Андан соң Сапар Исаков жана Висенте Гуайарт шаардык инфраструктураны талкуулар Манас проспектисин кыдырып өтүштү.

Пикир

Оставить комментарий