• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сапар Исаков “электрондук дарбазаны” сынап көрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 28.12.17. /Тумара Туратбекова - Кабар/. Эл аралык “Манас” аэропортунда өкмөт башчы Сапар Исаковдун катышуусунда Кыргызстандагы биринчи жүргүнчүлөрдү идентификациялоочу “электрондук дарбазаны” ачуу салтанаты болду.

“Манас” аэропортунда бардыгы болуп үч дарбаза бар. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Дастан Догоевдин айтымына караганда, алардан бир гана биометрикалык паспорт аркылуу өтүүгө болот.

Өз кезегинде КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев эмне себептен дарбазадан бир гана биометрикалык паспорту бар КР жарандары өтө ала тургандыгын түшүндүрдү. Андан сырткары, ал өкмөт башчыга аталган өтмөктөн өлкөгө учуп келгендер гана өтө тургандыгын билдирди. Андан соң, Сапар Исаковго паспорттук көзөмөлдөн кантип өтүү керектигин көрсөтүп берди.

Өкмөт башчы паспортун маалыматтарды окуй турган жабдыкка коюп, андан соң, манжаларды идентификациялоодон өттү. Бул процесс аз гана убакытты алды.

Шаршеев кошумчалагандай, мурда жүргүнчүлөрдү текшерүү 30 мүнөттөн көп убакытты алып, ыңгайсыздыкты жаратчу.

Исаков жаңы киргизүү боюнча канааттанып, мындай система өлкөнүн бардык жарандары үчүн жеткиликтүү болушу керектигин баса белгиледи.

“Бул өткөрмө система өлкөнүн жүзү. Дал ушул жерден, ушул электрондук дарбазадан “Таза Коом” башталат. Мындай системаны бардык бекеттерде орнотуу керек”,-деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий