• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сапар Исаков КМШ байкоочулар миссиясы менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 16.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 16-октябрда, КМШ аткаруу комитетинин аткаруучу катчысы Сергей Лебедев башында турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн байкоочулар миссиясы менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Сергей Лебедев маалымдагандай байкоочулар миссиясынын курамында Шериктештикке кирген 9 мамлекеттен 192 өкүл болгон. Алардын курамына парламентарий, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана дипломаттар кирген.

КМШ аткаруу комитетинин төрагасы шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнө жогору баа берип, демократиялык нормаларга ылайык мыйзам чегинде ачык-айкын өткөнүн билдирди.

«Өлкөдө шайлоо процессинде өзгөрүү чоң деп айтсак болот. Жарандар өз оюн ачык көрсөтө алышты. Шайлоо тилкелериндеги айрым кемчиликтер ыкчам түрдө чечилип жатты», – деди Сергей Лебедев.

Ошондо эле ал Кыргыз Республикасы Шериктештикке кирген мамлекеттер арасында шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүн заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздоо боюнча биринчи орунда турарын кошумчалады.

Премьер-министр Сапар Исаков КМШ байкоочулар миссиясына Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого жогору баа бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Өкмөт башчы таза шайлоо өлкөдөгү туруктуулуктун жана өнүгүүнүн ачкычы экендигин баса белгиледи.

Мындан сырткары Сапар Исаков Кыргызстан КМШ менен кызматташтыкты бекемдөө багытында иш алып бара турганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий