• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сапар Исаков кыргыз-казак чек арасындагы “Ак Тилек” өткөрмө пунктуна барды

Коом 0

Бишкек, 13.10.17. /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков кыргыз-казак чек арасындагы “Ак Тилек” көзөмөл-өткөрмө пунктуна барды.

Ошондой эле, өкмөт башчынын “Ак-Жол” өткөрмө пунктуна бараары күтүлүүдө.

Исаков чек арадагы абал менен жеке өзү таанышып, эмне себептен адамдарды өткөрүү кечеңдеп жаткандыгынын себебин билүүгө келген.

Жеринде вице-премьер-министр Дүйшенбек Зилалиев абал тууралуу маалымат берди.

Эске сала кетсек, кыргыз-казак чек арасында тыгын жана адамдардын топтому пайда болгон. Маалыматка ылайык, казак тарап Кыргызстандан келген унааларды дыкат текшере баштаган. Бейрасмий маалыматтарга ылайык, кыргыз унааларын россия-казак чек арасынан да өткөрбөй жатышат.

Пикир

Оставить комментарий