• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сапар Исаков: “Кыргызстан “Таза коом” долбоорун ишке ашырууга бышып жетилди”

Коом 0

Бишкек, 6-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстан “Таза коом” долбоорун ишке ашырууга бышып жетилди. Бул тууралуу аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча эл аралык донорлор менен жолугушууда Президенттин аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Кыргызстанда ар түрдүү процесстер көп болуп жатат. Кыргызстан салыштырмалуу жаш өлкө, 25 жыл мурда эле эгемендүүлүккө жетишти. Андан бери өнүгүү жолунда бара жатат. “Бул мезгилде КР өтө көп учурларды башынан кечирди. Бул өлкөнүн өнүгүүсүнүн тарыхый мезгили. Бул өлкөнү бир гана демократиялык жол менен өнүктүрө аларыбызды билдирет. Биз өлкөдө демократиялык институттарды өнүктүрүшүбүз керек. Өлкөнү ачык жана айкын кылып, мындан аркы өнүгүү үчүн демократиянын пайдубалын түптөшүбүз зарыл. Бул өлкөнүн руханий жаңылануусу сыяктуу”, - деди С.Исаков.

Президенттин аппарат башчысы Кыргызстан заманбап технологияларды колдонуу менен шайлоолорду өткөрүүнүн жаңы тутумун киргизгендигин белгиледи. “Биз күн сайын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүз, досторубуз менен иштешип турабыз. Буга байланыштуу президент А.Атамбаевдин аппаратынын жетекчилиги алдында быйыл үчүнчү жыл “Акылдуу өлкө” идеясын көтөрүп, башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын үйрөнүп жатабыз. Интеллектуалдык негизине басым жасагым келет. Калктын көп бөлүгүн жаштар тузөт. Кыргызстан бешинчи жылы бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 24%ын билим берүү тутумуна жумшап жатат. Кыргызстанда бул долбоорду киргизүүгө жакындап калдык”, -деп билдирди ал.

С.Исаков Кыргызстан бүгүнкү күнү бул долбоорду ишке ашырууга бышып жетилгендигини баса белгиледи. 2-3 жыл мурда өлкө аны ишке киргизе алган эмес, себеби, жагдайлардын бышып жетилүү учуру болот. Мамлекет башчысынын бул долбоорду ишке киргизүүгө саясий эрки бар.

“Таза коом” кеңири жалпы улуттук Кыргызстанда жаңы технологияларды киргизүүгө багытталган долбоор болуп эсептелет. Аны жүзөгө ашыруу мамлекеттик башкаруу тутумунда ачык-айкындуулуктун жогорулашына алып келет, коррупцияга каршы күрөшүү жана аны алдын алууда салмактуу курал катары боло алат. Долбоор жарандардын жашоосунун социалдык-укуктук тармактарын камтып, алардын жашоо сапатын жана коопсуздугун жогорулатат. Анын ичинде, долбоорду ишке киргизген соң, өлкө жашоочулары жана меймандары электрондук мамлекеттик тейлөө кызматтарын Интернет аркылуу колдонуп, төлөмдөрдү жүргүзүп, отчетторду өткөрүп, электрондук кезектерди пайдалана алышат.

Пикир

Оставить комментарий