• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сапар Исаков кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 21.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 21-мартта, кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

"Кымбаттуу мекендештер!

Сиздерди улуу Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Нооруз менен жер ойгонот, Нооруз менен эл ойгонот. Байыркы майрам болгон бул күнү өмүрдөгү жаңы көктөм башат алат, ар бирибиз жакшы тилек, аруу ой менен баштайбыз, бири-бирибизге жаркын маанай тартуулап, дасторконубуздун берекесин жайнатабыз.

Нооруздун бир аты – Жаңылануу, Тазаруу. Ар бир адам жеке чарбасын гана эмес, ички дүйнөсүн, оюн да жаңылап, тазартып турганы шарт. Кыргыз жеринде, экономикабызда, маданий-руханий чөйрөбүздө жаңылануу жүрүп жатат. Мекенчил жаштарыбыздын катары артып, өз жерине, тарыхына, ата-бабалар мурасына сыймыктануу сезими күч алууда. Ошого жараша бизде “Таза жашоо”, “Таза коом”, “Таза шаар” деген жаңы түшүнүктөр эл ичине кеңири сиңип жатат.

Өлкөбүздө, ар бирибиздин жеке жашообузда оң өзгөрүүлөр, жакшы саамалыктар, ийгиликтер болсун!

Өлкөбүздүн жолу түз жана байсалдуу болсун. Ар бир кыргызстандыктын жашоосу жаңы мүмкүнчүлүктөргө, жаңы ойлор менен идеяларга толсун.

Ар бир үйгө Нооруздун ырыскысы кирип, жакшылыктын үрөнү чачылсын”.

Пикир

Оставить комментарий