• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сапар Исаков өлкөнүн аймактарындагы суроо-талапты эске алуу менен МЖӨ мектептерди куруу үчүн долбоордун ТЭН иштеп чыгууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 03.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 3-октябрда, Кыргыз Республикасында мектептерди курууда мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Өкмөт башчы аталган маселе өлкө үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.

Жыйында КР Билим берүү жана илим министрлигине мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында мектептерди курууну каржылоого жеке ишкерлерди издөө боюнча колдоо көрсөтө турган Эл аралык Финансылык Корпорациясынын (МКФ) сунушу талкууланды.

Бүгүнкү күндө жүргүзүлгөн анализдердин негизинде республика боюнча 420 мектеп куруу жана 200 мектепке оңдоо иштерин жүргүзүү муктаждыгы бар.

Ошондой эле курулуштун начар сапаты жана учурдагы мектетердин талапка жооп бербеген имараттарынан улам, жылуулук, электр энергиясы сыяктуу коммуналдык чыгымдарга каражат көп сарпталып жатканы да айтылды.

Эл аралык Финансылык Корпорациясынын өкүлдөрүнүн берген маалыматына караганда мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн негизинде курулган мектептер бюджетте каржы тартыштыгы боюнча маселени чечүүгө жардам берет.

Ошондой эле бул курулушту өз убагында бүткөрүүгө жана дайыма көзөмөлдө болгондуктан имараттын сапатынын мыкты болушуна, эл аралык стандарттардагы мектептерди курууга ири инвесторлорду тартууга жол ачат.

Мамлекеттик жеке өнөктөштүк программасынын түзүмү көрсөтүлгөн техникалык талаптарга ылайык мектепти куруу жана аны каржылоо долбоордун мөөнөтү аяктаганга чейин анын коопсуздугун камсыз кылуу жана коммуналдык төлөмдөрүн төлөөнү сунуштайт.

Жыйында мамлекеттик жеке өнөктөштөрдүн чет мамлекеттерде мектеп куруудагы тажрыйбасы да каралды.

Премьер-министр Сапар Исаков аталган долбоорду ишке ашыруу аркылуу жеке каржылоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө бюджеттик каражаттан бошотууга, курулуштун сапатын жакшыртуу жана имаратты жакшы сактоо жоопкерчилигин инвесторго өткөрүүгө болот.

Аны менен бирге Өкмөт башчы жаңы мектептерди курууда заманбап, электр энергиясын үнөмдөөчү ыкмаларды колдоону аркылуу жылуулукка жана электр энергиясына кеткен чыгымдарды үнөмдөөгө болорун эскертти.

Премьер-министр мамлекеттик жеке өнөктөштүк механизми өлкөлө масштабдуу көп жылдык программа болуп калышы керектигине токтолду.

Өкмөт башчы Билим берүү жана илим министрлигине Эл аралык Финансылык Корпорациясы менен бирге өлкөнүн аймактарындагы суроо-талапты эске алуу менен мамлекеттик жеке өнөктөштүк программасы аркылуу мектептерди куруу үчүн долбоордун техника-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну тапшырды.

Мындан сырткары Архитектура курулуш, турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине өлкөдө билим берүү мекемелерин курууда бирдиктүү талаптарды иштеп чыгуну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий